Turmush — Ысык-Көл облусунун административдик борбору Каракол шаарында бүгүнкү күнгө чейин 100 жылдан ашуун мурун курулган бир катар имараттар сакталып калган. Ошол имараттардын бири — соодагер Ахмет-Гарей Каримовдун үйү деп эсептелген курулуш.
Анын чөбөрөсү Динара Байзакова (Каримова) Turmush басылмасына билдиргендей, Ахмет-Гарей Каримов Россиядан келип, алгач тоолуу аймактан жыгач ташыган жөнөкөй арабакеч (возчик) болгон. Кийинчерээк ал байып, I гильдиядагы соодагерлердин катарына кирген. Ал 3 миң 350 рубль алтынга бааланган кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Мындай адамдар («Семиреченские ведомости» гезитинин 1907-жылкы санына ылайык) 1908–1912-жылдардагы 4 жылдык мөөнөткө Мамлекеттик Думага өкүлдөрдү шайлоого катышуу укугуна ээ болушкан.
Көп өтпөй ал Каракол шаарына жакын жерге эл арасында «Каримка» деп аталган тегирмен курган. Соода катарларына ээлик кылган, шаарда биринчи жолу телефон орноткон жана шаарга фаэтон (үстү жабык жеңил араба) менен чыккан. 1904-жылы курулган үйү бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Союз мезгилинде ал үй шаардагы эң бекем имарат деп табылып, мамлекеттик банктын имараты катары пайдаланылган. Буга чейин үй-бүлө жашаган мурдагы үй Токтогул көчөсүндө жайгашып, кийин оорукананын имараты болгон.
Ал эки үйдү катары менен салдырган. Айрым булактарда айтылгандай, Каримовдун эки жубайы болгон. Чоң үйүндө байбичеси (улуу аялы), кичирээк үйүндө токолу (кенже аялы) жашачу.
Орозов көчөсү №3 дарегиндеги бул үйдө 1996-жылдан бери Ысык-Көл облустук статистика башкармалыгы жайгашкан. Ага чейин бир нече банктын кеңсеси болгон. Эки үйдүн маңдайында соттук-медициналык экспертиза бөлүмү жайгашкан. Ал имаратты Каримов кампа кылып салдырып, ошол жерге сатыктагы оокаттарын сактап келген.
Каримовдун үйү 1904-жылы курулган эң кооз үйлөрдүн бири катары эсептелет. Анын чөбөрөсү Динара Байзакова билдиргендей, эстелик тактайча орнотулгуча бул имарат көпкө чейин Каримовдордун үйү катары болгону алардын урпактарына гана белгилүү болуп келген.
- Ахмет-Гарей 1912-жылы каза болгондон кийин, анын бардык мүлкү тун уулу Ганиге өткөн. 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин, өз өмүрлөрүн сактап калуу үчүн, үй-бүлө мүлктү мамлекетке «ыктыярдуу» түрдө өткөрүп берип, Верный шаарына (азыркы Алматы) көчүп кеткен.
Ахмет-Гарейдин шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы жазуучулар Ринат Абдулвалиев жана Фаузия Байрамованын китептеринде да белгиленип, анда татар соодагерлери Караколду өнүккөн өнөр жай жана маданий борборго айлантканын жазышкан.
«Сибирь соода-өнөр жай жылдык жыйнагынын» 1913-жылдагы маалыматына ылайык, Каракол шаарында жана анын айланасында 60тан ашуун өнөр жай ишканалары иштеген. Алардын катарында:
- Терини иштетүүчү заводдор
- Самын жана шам өндүрүүчү фабрикалар
- Аркан жана жип жасоочу жайлар
- Токой тилүүчү ишканалар
- Тегирмендер
- Жүн жууган жайлар
Шаардын өнүгүшүнө негизги салымды соодагерлер — негизинен татарлар кошуп, Караванная жана Токтогул көчөлөрүндө соода катарларын, ошондой эле мечиттерди жана башка имараттарды курушкан.
- 1917-жылдагы революцияга чейин Ахмет-Гарей Каримовдун үй-бүлөсү Караколдогу эң бай үй-бүлөлөрдүн бири болгон. Ал азыркы «Макиш» базары жайгашкан жерде соода катарларына ээлик кылган.
Айрым маалыматтарга караганда, Каримовдордун үй-бүлөсү үчүн үй куруу учурунда кирпичтерди бекемдөө максатында аралашмага чийки тоок жумурткаларын кошушкан.
XIX кылымдын аягында Каракол шаарынын тургундарынын негизги ишмердүүлүгү мал чарбачылык жана аарычылык болгон. Соода иштери Ташкент жана Анжияндан алынып келинген товарлар менен жүргүзүлгөн.
Шаар ошол мезгилде соода жолдорунун бириндеги маанилүү түйүн болгон. XIX кылымдын аягында бул жерде Россиядан келген товарларды сатуу жана мал чарбачылык азыктарын сатып алуу үчүн жармаңкелер өткөрүлө баштаган.
Убакыт өткөн сайын Каракол соода-сатып алуу борборуна айланып, бул жерде дүкөндөр ачылган. 1906-жылы 102 соодагер үй-бүлөнүн ичинен 78ин татарлар түзгөн.
Каримовдордун теги
Каримовдордун теги 1748-жылы туулган Каримден башталат. Анын урпагы Ахмет-Гарей Каримов (1857–1912) падышалык аскердеги 25 жылдык кызматтан кутулуу үчүн Россиянын Поволжье аймагынан Каракол шаарына келген. Ал Нагимага үйлөнүп, экөөнүн Гани, Фатима, Шариф, Султан, Хажы, Шамсия жана Фахриниса аттуу 7 баласы болгон. Үй-бүлө өз тарыхын, араб тилиндеги кол тамгалар менен жазылган эски сүрөттөрдү да сактап келген.
Ахмет-Гарейдин балдарынын тагдыры
Гани Каримов: Атасынын ишин мурастап алган. Революциядан кийин Алматыга көчүп кеткен. Анын уулдары геолог жана физик-астроном болгон.
Султан Каримов: Кыргызстанга кайтып келип, агрономдук билим алган жана 40 жылдан ашык агроном болуп иштеген. Ийгиликтери үчүн Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн, бирок соодагер үй-бүлөдөн чыккандыгынан улам, болгону «Ардак белгиси» ордени менен гана сыйланган. 1938-жылы «эл душманы» катары камакка алынып, бир жыл түрмөдө отуруп, кылмыш курамы жоктугунан бошотулган.
Фатима, Шариф жана Фахриниса: Фатима менен Шарифтин үй-бүлөлөрү Ферганада жашаган. Фахриниса медайым болуп иштеген жана Бишкекте жерге берилген.
Хажы Каримов: Саратовдо обкомдун партиялык катчысы болуп иштеген. Репрессияланып, 1937-жылы түрмөдө каза болгон, кийин реабилитацияланган.
Шамсия Каримова: Кызыл Профессура институтун бүтүргөн, дипломат болуп иштеп, Тывада консул кызматын аркалаган. Москвадагы Новодевичье көрүстөнүндө жерге берилген.
——————
Каракол — Кыргызстандын түндүгүндөгү эски шаарлардын бири. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690-1825 метр бийиктикте жайгашкан.
Азыркы шаар жайгашкан жерде жергиликтүү калк эзелтеден эле отурукташып, чарбачылыкты өздөштүрүшкөн. Ал жөнүндө түрдүү археологиялык табылгалар мисал боло алат. Мисалы, тарыхый буюм-тайымдар, аэропорттун айланасындагы ташка чегилген сүрөттөр жана сак-усундардын мезгилиндеги көрүстөндөр жана башкалар айгинелеп турат.
Алыскы чокулары асман тиреген, этегинде чалкыган көлү бар көркөм өрөөндөгү жергиликтүү калк мал чарбачылыгын аркалап, көчмөн турмушту кечирип келген. XIX кылымдын ортосунан баштап орус окумуштуу-изилдөөчү саякатчылары Семенов Тянь-Шанский, Мушкетов, Пржевальский жана башкалар тартыла баштаган. 1864-жылы биринчи жолу Ак-Суу жеринде аскердик чеп курулган. Бирок бул чеп соода жолунан алыс болгондуктан ыңгайсыздыктарды жараткан.
Келечектеги шаардын ордун белгилеп, планын түзүп, сүрөткө тартуу үчүн Ысык-Көл өрөөнүнө 1868-жылы экспедиция жөнөтүлгөн. Бул тапшырманы экспедиция мүчөлөрү ийгиликтүү аткара алган. Бул экспедицияны генерал Александр Васильевич Каульбарс жетектеген. Ал Түркестан аскер округундагы башкы штабга 1868-жылы жөнөтүлүп, ошол жерден Петербург географиялык коому тарабынан Ысык-Көлгө экспедицияга баруу тууралуу буйрук алган. 1869-жылы 16-майда А.В.Каульбарс башында турган экспедиция Верный шаарынан (Алма-Ата) чыгышкан. Экспедиция көл өрөөнүнө келип жеткен. Келечектеги шаар жөнүндөгү ой-толгоолорунда Каульбарс: «Бизди укмуштуудай, эң кооз, жылуу көлдүн жакындыгы таң калтырды» деп жазган.
Экспедициянын максаты — эски кербен жолунун боюна (Каракол шаары аркылуу Улуу Жибек жолунун бир тарамы өткөн) жаңы шаарды түптөө болгон. Алар Каракол суусунун жээгин тандап, Тянь-Шань тоолорунан агып түшкөн тунук суулар шаар калкын көп жылдар бою таза суу менен камсыз кылып турарын белгилешкен. А.В.Каульбарстын эскерүүлөрүндө: «Биз Верный шаарынан чыгып, Сан-Таш ашуусу аркылуу Ак-Сууга келип жеттик. Мен ал жерден Андрей Петрович Чайковскийге жолуктум. Өзүнө тың, сыпайы, акылдуу жана сабаттуу адам экени көрүнүп турду. Ысык-Көл өрөөнү ага абдан тааныш эле» деп жазат.
А.П.Чайковский келечектеги шаардын планын түзүүгө кеп-кеңештерин берип турган. Экспедициянын иштери жөнүндө А.В.Каульбарс: «Биз боз үйлөргө жайгашып, келечектеги шаардын планын чийип, өлчөөлөрдү жасап, бардыгы аяктап калган кез эле. Бир күнү түн ичинде шумдуктай үндөн чочуп ойгондук. Көрсө көл тараптан укмуштуудай катуу шамал согуп жаткан экен. Биз жаткан боз үйдү, кийим-кечелерибизди, чийме-пландарыбыздын баарын ар тарапка учуруп кетти. Биз эмне кыларыбызды билбей калдык. Таң аткан мезгилде көлдүн батыш тарабынан алкынтып ат минген жергиликтүү жигиттер келип калышты. Биздин абалыбызды түшүнүшүп, бардыгы ар тарапка аттарын чаап кетишти. Бир аз мезгилден кийин шамал учуруп кеткен бардык оокаттарыбызды, анын ичинде план-кагаздарыбыздын баарын Жыргылаң дарыясынын жээгинен бери издеп таап беришти» деп эскерет.
1869-жылы 1-июлда жаңы шаардын негизги көчөлөрү, аянттары, мейман короолорунун, аскердик-коргоо казармандарынын, соода жайларынын пландары такталып бүткөн. Шаардын негизделгендигинин 1 жылдыгына карата соода тармактары өнүгүп, 1 көчө пайда болуп, бир нече үйлөр тургузулуп калган. 1870-жылдын 8-февралында Орус падышачылыгынын буйругу менен Каракол суусунун жээгине курулган калктуу пункт Каракол, кийинчерээк ал Ысык-Көл уездинин административдик борбору Каракол шаары деп аталып калган. 1869-жылдын аягы 1870-жылдын башында мында 12 менчик үй, 50 майда дүкөн болгон.
Караколдо 1872-жылы Ташкенттен жана Түркстандын шаарларынан келишкен 150 адам (көбүнчө татар менен өзбектер) жашаган. 1887-жылкы жер титирөөдөн ылай менен самандан курулган үйлөр кыйроого учураган. Шаарда Каракол суусун бойлой жогору карай жыгачтан үй курулуп, шаар болуп көрбөгөндөй өзгөрүлүп, көчөлөрү кеңейтилип, бак-дарактар отургузула баштаган.
1881-жылы Корольков Ярослав Иванович Каракол шаарына Кыргызстандагы алгачкы метеостанцияны негиздеп, аймактын климатын изилдөөгө чоң салымын кошкон. 1888-жылы 20-октябрда Борбордук Азияга жасаган бешинчи саякатында орус географы, саякатчы Н.М.Пржевальский Караколдо дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү шаарга жакын, Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. 1889-жылы 7-мартта падышанын буйругу менен Каракол шаары Пржевальск шаары деп аталган. А.В.Кульбарс: «Каракол шаары Азия изилдөөчү, дүйнөгө маалым саякатчы Н.М.Пржевальскийдин наамын алып жүргөнүнө сыймыктанат» деп жазган.
1874-жылы Пржевальск шаарында 2-класстык мектеп ачылса, 1879-жылы 4 класстык болуп өзгөргөн. Татар мечитинде «Мактаб» мектеби иштеп баштаган. Анда куран, тарых, география, арифметика, мусулман грамматикасы окутулган.
1890-жылдан тартып Украинадан, Россиянын борбордук губернияларынан жана Волга боюнан келгендер отурукташып, 1897-жылы шаар калкы 8 миңден ашып, 1919-жылы 11610 адамга жеткен. 1894-жылы шаардын биринчи старостасы болуп Н.М.Барсов шайланган. Ал шаарды өнүктүрүүгө көп салым кошкон. Анын демилгеси менен 1894-жылы шаарда драма ийрими пайда болгон.
Ал эми дарыгер Николай Михайлович Барсовдун көп жылдык эмгегинин натыйжасында 1895-жылы шаарда Барсов шаар багы (кийин А.С.Пушкин атындагы бак) пайда болгон. 1902-жылы 14-майда аскер дарыгери Н.М.Барсовдун демилгеси менен Пржевальск шаардык элдик китепкананын салтанаттуу ачылыш аземи болгон.
1908-жылы 19-мартта падыша өкмөтү Каракол шаарынын гербин бекитип, ал бир эле убакта уезддин да герби болгон. 1909-жылдары уезддин жетекчиси болуп Иванов В.А., анын жардамчысы Беляев А.И., шаар старостасы Локшаков Е.С. шайланган. Шаар калкы мал чарбачылыгы, жер иштетүү, балык уулоо, аары өстүрүү менен алектенишип, 1909-жылы 5200 пуд бал өндүрүлгөн. Соода-сатык иштери жандандырыла баштаган.
Пржевальск шаарында Кыргызстандагы алгачкы журналдардын бири — 1913-жылы «Пржевальский сельский хозяин» журналы жарык көргөн. 1918-жылы шаарда 7 мектеп, аялдар гимназиясы, эркектер окуу жайы, интернат, 4 медресе жана ар түрдүү уюмдар иштеген. Орус жана чет өлкөлүк саякатчылардын Азияны изилдөөчү базасы болгон.
1918-жылы 25-майда шаардык митингде Пржевальск шаарында Совет бийлиги орногонун жарыялашкан. Ошол эле жылы 9-июлда РКП(б)нын тобу түзүлүп, төрагасы болуп Гречко Г.Д. шайланган.
Совет бийлиги орногондон кийин шаар өзгөрө баштаган. 1924-жылы 26-июлда шаардык аткаруу комитетинин чечими менен көчөлөргө жаңы аттар бериле баштаган. Мисалы, Сартовская көчөсү-III Интернационал (азыркы Ю.Абдрахманов атындагы көчө), Троицская-1-Май (азыркы К.Тыныстанов атындагы көчө), Барсовская-Октябрь (азыркы Боронбай бий атындагы көчө), Садовая-Гагарин атындагы, Базарная-Токтогул атындагы көчөлөр.
1889-1922-жылдары шаар Н.М.Пржевальскийдин наамын алып жүрсө, 1923-жылдан баштап Каракол, ал эми 1939-жылы 31-майда жергиликтүү элдин суранычы боюнча Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун токтому менен Пржевальск шаары деп аталып калган. Шаар 1923-жылга чейин Пржевальск уездинин борбору, 1925-1926-жылдары Каракол-Нарын округунун административдик борбору, 1926-1930-жылдары Каракол контонунун борбору болгон. Райондордун түзүлгөндүгүнө байланыштуу Каракол шаары Каракол районунун борбору, округдардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу Ысык-Көл округунун борбору, 1939-жылдан баштап Ысык-Көл облусунун борбору болгон.
Союз маалында шаарда плодовинсовхоз-комбинат, сүт, нан зоводдор, кийим жана бут кийим фабрикалары, мебелдик фабрика, электротехникалык завод, жогорку жана орто окуу жайлар болгон. Союз тараганы айрым фабрика, заводдор таланып, талкаланып калган.
Эгемендик алган жылдан тарта кайра шаар жанданып, кичи цехтер ишке кирип, туристтерди кабыл алуучу конок үйлөр ачылган. Учурда туризмдин борбору болуп келет.












